Twitter`деги посту үчүн бир жылга абакка кесилген аялдын иши кайра каралды
RU

Twitter`деги посту үчүн бир жылга абакка кесилген аялдын иши кайра каралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну Twitter`деги билдирүүсү үчүн 1 жылга абакка кесилди. Жогорку Соттун маалыматында айтылгандай, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин бишкектик аял Twitter баракчасына улуттар аралык жаңжалга алып келе турган билдирүү тараткан деген кине менен Биринчи Май райондук сотунда иши каралган. үчүн бир жылга эркинен ажыраткан. Соттун аныктамасында айыпталуучунун билдирүүсү социалдык тармактардын башка колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратканы, улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты калыптандыруу үчүн белгилүү шарттарды түзүп жатканы айтылган.

Соттук-медициналык эксперт билдирүү "белгилүү бир улутка карата терс жана кемсинтүү мүнөзгө ээ" деген корутунду чыгарган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен социалдык тармактын колдонуучусу эркинен ажыратылган. Айыпталуучунун жактоочусу Арстан Эрматов апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9412