Алматыда Элмирбек Иманалиевдин казак тилине которулган китебинин бет ачары өттү
RU

Алматыда Элмирбек Иманалиевдин казак тилине которулган китебинин бет ачары өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин казак тилине которулган "Аманат" китебинин бет ачары болду. Иш-чара Алматы шаарында Казакстандын Улуттук китепканасында орун алганын Эл акыны Азамат Болгонбаев билдирди.

Китептин бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошев, төкмө акындын жубайы жана эки элдин асылдары Улукбек Есдаулет, Акбар Рыскулов, Алтынбек Коразбаев, Сулайман Кайыпов, Карбалас Бакиров, Сыймык Бейшекеев, депутат Мирлан Самыйкожо, китепти казак тилине которгон акын Айбек Калиев катышты.

Төкмө акын, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагы 2020-жылы басылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9443