Элмирбек Иманалиевдин китеби казак тилине которулду
RU

Элмирбек Иманалиевдин китеби казак тилине которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" китеби казак тилине которулду. Китептин бет ачары 29-ноябрда Алматы шаарындагы Абай атындагы Казак улуттук китепканасында өтөт. Бул туурасында Элмирбек Иманалиевдин санаалаштары билдиришет.

Маалым болгондой, китепти казак акыны Айбек Калиев которгон.

Төкмө акын, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2010), Эл артисти (2016) ардактуу наамдарынын ээси Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 42 жашында каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9358