Кызматтан бошотулган Алмаз Мамбетов: "Көп иштерди жасаганга жетишпей калдык"
RU

Кызматтан бошотулган Алмаз Мамбетов: "Көп иштерди жасаганга жетишпей калдык"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан кетип жатып көп иштерди аткарууга үлгүрбөй калганын айтты. Айтымында, 1 жылдан ашык убакыттын ичинде жакшы иштер да жасалды.

"Ошто жакшы кабыл алышты. Аракет кылдык, жакшы иштерди аткардык. 1 жылдан ашык убакытта жасаган иштерибиз жемиштүү болду деп ойлойм. Эл деле баалайт болушу керек. Айта кетчү нерсе, дагы көп иштерди жасаганга жетишпей калдык. Буюрса, жаңы келген жетекчи улантат деп ишенем", - деди ал.

Ошондой эле Алмаз Мамбетов Ош шаарынан жакшы досторду күткөнүн, тажрыйбалуу команда менен иштешкенин кошумчалады.

Белгилесек, 29-ноябрда Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9450