"Досторум" азырынча күтпөсүн". Бишкектин мэри кызматы боюнча айтылган кептерге жооп берди
RU

"Досторум" азырынча күтпөсүн". Бишкектин мэри кызматы боюнча айтылган кептерге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетти деген күбүр-шыбырлар кайра жанданды. Бирок бул кептерди калаа башчысы четке кагып, отставкасын күтүп жаткан "досторунун" ою ишке ашпай турганын Kaktus.mediaга билдирди.

"Мен ишке эми киришип баштадым, мектептердин курулушу аяктады, жаңы жылга чейин автобустар келет, адистер заводго жөнөп кетишти. Мен шаар тургундарына таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп берүүнү убада кылгам. Пландарым чоң. "Досторум" менин отставкамды азыр күтпөсүн. Мен мындай кептерге көңүл бурбай калгам", - деди ал.

Бишкек шаардык мэриясынан жогорудагы кептер боюнча расмий билдирүү жасады. Анда Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетпегени, штаттык режимде иштеп жатканы айтылат.

"Социалдык тармактарга тарап жаткан билдирүүлөр ушак. Такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз", - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9459