"Жаагыңды жап..." Сотко мажбурланып алып келинген Алмазбек Атамбаев залдан чыгарылды
RU

"Жаагыңды жап..." Сотко мажбурланып алып келинген Алмазбек Атамбаев залдан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо улантылууда. Анда прокурор башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү өтүнүчүн келтирди. Тараптардын пикирлерин уккандан кийин судья прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.

Белгиленген соттук отурумга Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келишти. Анда Атамбаев прокурордун аракетин мыйзамсыз деп баалады. Ошондой эле ал прокурор менен сотту мыйзамсыз буйруктарды аткарган "уроддор" деп атады. Атамбаев судьянын сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей камераны тепкилеп баштаганда аны залдан алып чыгып кетишти.

Эске салсак, 1-декабрда Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сотко алынып келип, соттук талаптарды бузганы үчүн залдан чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9482