Сириядан кайтарылгандар "Алтын балалык" борборуна жайгаштырылат
RU

Сириядан кайтарылгандар "Алтын балалык" борборуна жайгаштырылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Алтын балалык" комлексине Сириядагы конфликт болгон аймактардан кайтарылгандар жайгаштырылат. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков маалымат жыйында айтты.

Министрдин орун басары белгилегендей, Сириядан келген репатрианттар аталган борборго убактылуу жайгаштырылат.

"Учурда бул маселе чечилип жатат. Борбор убактылуу, 2 айга берилиши мүмкүн. Андан кийин "Алтын балалык" мурдагы иштөө режимине кайтып, балдарды кабыл алууну улантат", - деди Садыков.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9483