Кызды мейманканадан уурдоого аракет кылышкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды
RU

Кызды мейманканадан уурдоого аракет кылышкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте адам уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Ал шериктери менен түн ичинде кызды унаанын багажына салып, уурдоого аракет кылган дешет Биринчи Май РИИБден.

Маалыматка караганда, К.А. аттуу шаар тургуну милицияга кайрылган. Ал 29-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде Н. аттуу жигит жана белгисиз адамдар ага карата физикалык күч колдонуп, бычак менен коркутуп унаанын багажына салмакчы болушканын айткан. Арыздануучу каршылык көрсөткөнүн, күбөлөр ортого түшкөнүнө байланыштуу жигиттердин ою ишке ашпай калганын билдирген.

Бул факты 37-165-берене (Адам уурдоого аракет кылуу) боюнча каттоого алынып, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн бири 1995-жылы туулган З.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмышка катыштыгы бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9485