Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жабыркагандар бар
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жабыркагандар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 3-декабрда катталды.

Аталган кызматтан билдиришкендей, Кыргызстандын М.Н. аттуу жараны менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кыргыз жараны жаңжал ырбап кетпеши үчүн асманга үч ирет ок чыгарган.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүп жатканы маалым болду.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан жаракат алгандар бар экенин маалымдады.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 3-декабрда саат 11:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну менен Тажикстандын Исфара районунун 3-4 тургуну менен пикир келишпестиктен улам, чыр чыгып, кыргыз жаранын тажик жарандары ур-токмокко алган.

Жыйынтыгында эки тараптан тең жараат алгандар болуп, тараптар окуя болгон жерге жыйнала баштаган.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жерине барып, чогулган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйналган элди таркатышты.

Бул факты электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Баткен РИИБ менен Исфара РИИБдин жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө кыргыз жаранына кол көтөргөн тажик тургундарына мыйзам чегинде чара көрүүсү белгиленди.

Учурда эки элдин коопсуздугун сактоо максатында эки элдин милиция кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн кайгуул күзөттөр жүргүзүлүп жатат, абал туруктуу.

Сүрөт интернеттен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9491