Кадамжайда 8-класстын окуучусунун зордукталып, өлтүрүлүшү. Эки шектүү асынып алды
RU

Кадамжайда 8-класстын окуучусунун зордукталып, өлтүрүлүшү. Эки шектүү асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүлөрдүн экөө асынган абалда табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, шектүүлөр Ош шаарындагы СИЗОдо камакта болчу. 3-декабрда кечке маал шектүүлөрдүн экөө өз жандарын кыйган.

Эске салсак, 5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда 8-класстын окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн. Кыздын сөөгү жолдун астындагы туннелден табылган. Бул факты боюнча мурда үч адам кармалып, кийинчерээк жашы жете элек дагы бир бала кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9494