Кыргыз, тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан аймакта абал тынч
RU

Кыргыз, тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан аймакта абал тынч

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан аймактагы чек арада абал тынч. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

"Адаттагыдай эле дем алыш күнү Көк-Таш, Аксай жана Капчыгай айылдарына барып коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келдим. Негизги маселе болуп кечээки Көк-Таш айылындагы чек арада орун алган жаңжал боюнча иш сапарым болду. Жалпысынан алганда учурда чек арада абал тынч.

Чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан кабар алып, аларга өз белегимди тапшырып, Аксай айылындагы чек ара заставасына кирип жоокерлер менен маектештим. Мекенге ак кызматын арнаган жоокерлердин жашоо турмушу, алардын абалын сурап келдим", - дейт облус башчысы.

Белгилей кетсек, 3-декабрда саат 11:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну менен Тажикстандын Исфара районунун 3-4 тургунунун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, кыргыз жаранын тажик жарандары ур-токмокко алган.

Жыйынтыгында эки тараптан тең жаракат алгандар болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9496