Малик Аликеевдин апасы уулунун күйөрмандарына ырдап берди
RU

Малик Аликеевдин апасы уулунун күйөрмандарына ырдап берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 4-декабрда 35 жылдык отчёттук концертин өткөрдү.

Чыгармачылык кечеде Малик Аликеевдин 92 жаштагы апасы да ырдады. Зал толо элге Калемкаш апа ыраазычылыгын айтты.

"Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчынын концертине аттуу-баштуу инсандар, саясатчылар да келип, эл батпай калды.

Буга чейин ырчы концерттен түшкөн каражатты дарыланууга жумшай турганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9505