"Чынжыр, автоматтар менен сабашты". Викрам Рузахунов Казакстан окуясынын чоо-жайын айтты
RU

"Чынжыр, автоматтар менен сабашты". Викрам Рузахунов Казакстан окуясынын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматы окуясында кыйноолордун курмандыгы болгон музыкант Викрам Рузахунов биринчи жолу окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ал музыкадан тышкары IT тармагында бизнес менен алектенерин айтты. Алматыга атайын долбоорду талкуулоо үчүн бир нече өнөктөштөр менен жолугууга келген. 4-январда митингдер башталган. Жергиликтүү досторунун кеңеши менен Рузахунов 4, 5 жана 6-январда эч жакка чыккан эмес. Абал оңолбогондуктан жана үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан кайра Бишкекке кайтып келүүнү чечкен.

7-январь күнү ал "Сайран" автобекетинен автоуна менен чыккан. Аны менен кошо унаада Казакстандын паспорту бар дагы, үч жүргүнчү Бишкекти көздөй чогу сапар тарткан.

Алматы-Бишкек унаа жолунун Самсы айылында көзөмөл-өткөрүү пункту орнотулуп, бардык жүргүнчүлөр текшерилип турган.

Рузахуновдун айтымында, анын кыргыз паспортун көргөн инспекторлор аны унаадан түшүрүп, башына таяк менен чаап, алып кетишкен.

"Алар менин буюмдарымдын баарын жулуп алып, чачып жиберишти. Мени Алматыдан буларды уурдады, мародер деп айыптай башташты. Телефонумда ушул окуяларга чейин эле, ошол эле кийимчен болгон сүрөттөрүмө ишенишкен жок. Мени сабоону уланта беришти. Анан , мени башка спецназдын кызматкерине өткөрүп беришкен. Алар да мени кайра сарайга алып барышып, ошол жерден дагы сабашты.

Ал муштуму, буту, темир союл менен урган. Ал мени тизе бүгүп, автоматтын оозун башыма такоону буйруду.

Ал дагы Алматыга эмнеге келгенимди сурап, мародер деп айыптай баштады.

Кар жаап, аябай суук эле. Мени чечинтип салышып, футболкачан калдым. Өзүм менен курткамды алууга гана уруксат беришти. Алар мени башка камалгандар бар сарайга алып барышты. Ал жакта 30дай адам бар болчу. Бизди ошол жерде караңгыга чейин кармашты. Ушунча убакыт бою биз барымтачылардай башыбызды ылдый кылып отурдук. Бул убакыттын ичинде автобустарды текшерип, эркектерди кармап, бизге алып келишти. Мени менен чогу казактар, өзбектер, тажиктер, дунгандар бар болчу.

Кечке жуук, бизди өлкөлөргө карата бөлө баштады. Кыргызстандан беш киши болчук, мен жана дагы 4 киши. Кийин аларды бошотту. Бизди СИЗОго алып барышты.

Камерада биз Алматыга талап-тоноочулук, баш аламандык, тоноо максатында келгенибизди оң моюнга алышыбыз үчүн кыйноого кабылдык. Кээде камерага кирип эле сабап коюшчу.

Көбүнчө алар сурак учурунда жана сурактан кийин ур-токмокко алышчу. Алар мени көбүнчө өзүнчө камерага алып барышып, ошол жерден сабай беришчү.

Кыйноолор ар түрдүү эле –тепкилеп, соккулап, автомат такап, башыма, бутума, белиме темир чынжыр менен чаап, жыгач швабра сынып калгыча сабашты.

Мени ич кийимиме чейин чечиндирип, кир полго курсагым менен жаткырып, ар тараптан тепкилеп, омурткама автоматтар менен уруп жатышты.

Мунун баарын митингде болгонумду айттыруу үчүн кылышты.

Алар мага киши өлтүргүч, дүкөндөрдү тонодуң деп айып тагышты.

Камерада 7-январдан 10-январга чейин жаттым. Бизге бир жолу нан, бир күндө бир жолу ысык тамак берди", - деди Р.Рузахунов.

"Моюнга алуу" 8-январда жазылган.

"8-январь күнү сабалгандан кийинки сурактардын биринде камерага туруп күнөөсүн мойнуна алчу бир адам керек деп айтышты. Ошол эле жерден мени башка камерага алып барып: "Же сен азыр айтасын, же сени уруп-тепкилөөнү улантабыз" дешти. Мен бул үчүн кандай жаза алаарымды сурадым. Керектүү нерселердин баарын айтсам, мени үйгө депортация кылабыз дешти, анан макул болдум. Айта турчу сөздөрдү кагазга жазып берүүнү сурандым, бирок жаттап аласын дешти. Бир нече жолу кайталагандан кийин мен текстти жаттап алдым. Анан бир журналистти алып келишти. "Журналист сценарийден тышкары суроо бере баштасачы?",-деп сурадым. Ага кабатыр болбо дешти.

Маекти жаздыруу учурунда сценарийге ылайык эмес суроолор келсе, кадр сыртындагы адамды карап турдум. Ал мага эмне деп жооп беришимди айтат, анан мен баарын камерага айтып берип жаттым", - деп эскерет Рузахунов.

Анын айтымында, ал күндөрү камактагылардын эч кимиси камеранын сыртында эмне болуп жатканын билишкен эмес.

"Дүйнөдө эмне болуп жатканын билчү эмесмин. Башыбызды көтөрүп, айланабызды кароого уруксат беришкен жок. Болгону, 10-январда дагы суракка алып барышканда консул келди деп айтышты да кагаздарды толтура башташты."-деди.

Рузахуновдун айтымында, үч күн бою бул кызматкерлер анын өздүгүн такташкан эмес.

"Алар угушкан да жок. Биринчи эле суракта белгилүү музыкант экенимди айтсам, шылдыңдап күлүштү. Мен интернетке менин атымды жазгыла деп сурандым, бирок укпай коюшту.

Рузахунов Бишкекке кайтып келгенден кийин алгач шок абалында болуп, физикалык абалын толук билбегенин эскерет.

Кийинчерээк текшерүү учурунда анын кабыргалары сынган, башынан жаракат алган, көптөгөн жаракаттар, көкүрөктөрүнөн жаракат алган жана башка жаракаттар аныкталган. Дароо жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган. Бир айга жакын дарыланып, азыр да толук сакайып кете элек.

Рузахунов анын бошотулушуна көмөктөшкөндөрдүн баарына - музыка коомчулугуна, укук коргоочуларга, бийликке ыраазычылык билдирет.

Мен көп убакыттан бери Казакстандык өнөктөштөрүм менен иш алып барам жана Казакстан туурасында жакшы ойдо болуп, өнүккөн, ийгиликтүү өлкө катарында таанып келгем. Бирок, мындай кылып көчөдөн эле элдерди чогултуп бир жака алып барып сабайт деген ой эч келген эмес.

Музыкант өзүнүн абалынын аркасында дүйнө коомчулугунун алдында Кыргызстан элине коюлган айыптын алынып салынганына кубанычта.

Музыкант Казакстандын күч органдары кийинкиге дагы бир видио даярдаганын белгиледи.

"Алар өздөрүн коргоого алып, камерага да тартып алышкан. Экинчи сценарий ойлоп табылган. Үйгө тезирээк жетүү үчүн бул версияны камерадагылардын угуп, ушундай жол менен моюнга алууну чечти деген видео эле", - деп кошумчалады.

Викрам Рузахунов бул иште акыйкаттыкка жетүүнү көздөйт.

"Мен бул жагдайды көпкө ойлондум. Азыр музыкага, бизнеске кайрылып, эч нерсе болбогондой түр көрсөтө албайм. Менин абалым КМШ өлкөлөрүндөгү укуктук чөйрөнү, адам укуктарын жакшыртууга, демократияны өнүктүрүүгө эң сонун кейс болуп бериши керек", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5579