Кадамжайда өлтүрүлгөн окуучунун окуясы: Суицид жасаган шектүүлөр боюнча иликтөө башталды
RU

Кадамжайда өлтүрүлгөн окуучунун окуясы: Суицид жасаган шектүүлөр боюнча иликтөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүлөрдүн экөө асынып алган факты боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул туурасында Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков билдирди.

Ал белгилегендей, Оштун СИЗОсуна киргизилген эки шектүүнүн окуясы боюнча алдын ала маалыматтар жок.

"Жерине ЖАКтын кызматкерлеринен турган топ кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Эгерде кылмыштын белгилери болсо биз материалдарды прокуратурага өткөрүп беребиз", - дейт Садыков.

Эске салсак, 5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда 8-класстын окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн. Кыздын сөөгү жолдун астындагы туннелден табылган. Бул факты боюнча алгач үч адам кармалып, кийинчерээк жашы жете элек дагы бир бала кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9520