Дөө Чыңгыздын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө
RU

Дөө Чыңгыздын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө изоляторунда киши колдуу каза болгон кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмү боюнча 7 адам шектелүүдө. Алардын бешөө өлтүрүүгө, экөө кылмышты жашырууга шектелип жатканын Kaktus.media`га Башкы прокуратурадан билдиришти.

Такталгандай, шектүүлөргө карата териштирүү иштери аяктап, топтолгон материалдар Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү. 5 шектүү "Адам өлтүрүү" (тергөөнүн версиясы боюнча, алар кастыктан улам алдын ала сүйлөшүп алып киши өлтүрүшкөн), дагы экөө кылмышты жашырууга айыпталууда.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, кылмыш иштин бир бөлүгү "жашыруун" деп териштирилген.

Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Шектүү кылмышты жеке кастыктан улам жасаганын айткан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9444