Анжелика менен Алга Кылычов соттошууда. Ишти кароо кийинкиге жылдырылды
RU

Анжелика менен Алга Кылычов соттошууда. Ишти кароо кийинкиге жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон. Биринчи соттук отурум 7-декабрга белгиленген. Бирок эки себептен улам жылдырылды. Бул туурасында Алга Кылычов Kaktus.kg`ге билдирди.

"Биринчиси, доо коюп жаткан тараптын арызы толук толтурулган эмес экен. Судья "Алга Кылычовдун кайсы сөзү силердин беделиңерге шек келтиргенин так, далилдүү кылып толуктап келгиле" деди. Экинчиси, мен соттук отурум кыргыз тилинде өтсүн деп кайрылгам. Бул жолку соттук процессте котормочу жок болду. Ушул эки себептен улам соттук отурум жылдырылды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Алга Кылычов "Дөө Чыӊгыз" (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу кримавторитеттин өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар" деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу айткан. Бул билдирүүдөн кийин ырчы аны сотко берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9522