Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды
RU

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-декабрда Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды.

Блогер бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырык таштаганга айыпталууда. Отурумда Жекшеналиев коюлуп жаткан айыптарды түшүнгөнүн, бирок күнөөсүн моюнга албай турганын айтты.

Жыйынтыгында күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу соттук отурум 13-декабрга жылдырылды. Прокурор кийинки соттук териштирүүгө күбөлөрдүн келүүсүн камсыздоо милдетин алды.

Белгилесек, Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болуп, Биринчи Май райондук соту тарабынан 16-августта 2 айга СИЗОго камакка алынган.

26-октябрда блогер үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9531