Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды
RU

Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды.

Анын жакындары билдиргендей, бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык соту Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызын карады.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы арызды карап, Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Белгилесек, Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 16-августта 2 айга СИЗОго камакка алынган.

Текебаевге кол салуу (11 статей)
Орозайым Нарматованын кармалганы айтылууда. Ал "акыркы катым" деп билдирүү жасады
27 Октябрь 2022, 21:05
Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү аныкталды
25 Октябрь 2022, 16:58
Сот айрым саясатчыларды 2 айга камакка алды
25 Октябрь 2022, 08:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9041