Садыр Жапаров Атазов менен Токторбаевдин билдирүүсүнөн кийин жумушчу топ түздү
RU

Садыр Жапаров Атазов менен Токторбаевдин билдирүүсүнөн кийин жумушчу топ түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов суракка чакыртылгандан кийин Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров койгонун парламентте төрага Нурланбек Шакев билдирди.

Белгилүү болгондой, жумушчу топ бир аптада кырдаалды иликтеп, президентке бир корутундунун жыйынтыгын беришет.

Буга чейин Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов укук коргоо органдарындагы коррупция тууралуу айтып чыгышкан. Атазов бул органдар кылмыш жана коррупциялык схемаларды көзөмөлдөйт деген. Ал эми Токторбаев прокуратурадагы коррупцияга токтолуп, башкы прокурор Курманкул Зулушевди Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштаган.

Кийинчерээк депутаттар прокуратурага чакыртылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9542