5 млн 200 миң сомдун уурдалышына депутаттын катыштыгы бар делинип издөө жарыяланды
RU

5 млн 200 миң сомдун уурдалышына депутаттын катыштыгы бар делинип издөө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө автобустан ири өлчөмдө акча каражатын уурдоого шектелип 2 жигит кармалды. Үчүнчүсүнө эл аралык издөө жарыяланганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-ноябрда Тоң РИИБине 43 жаштагы К.Е. кайрылган. Ал түндө Караколдон Бишкекке автобус менен жүргүнчү алып чыкканын, Боом капчыгайынан кафеге токтогонун, жүргүнчүлөр тамактанууга кеткенде белгисиз жарандар автобустагы сейфти ачып, 5 миллион 200 миң сомду алып кеткенин айткан. Арыздануучу белгилегендей, акчаны Караколдун тургуну Бишкектеги тааныштарына салып жиберген.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 19 жана 27 жаштагы жарандар кармалган. Бул кылымшка Каракол шаардык кеңештин депутаты да шектелип, ага издөө жарыяланган.

Кармалгандар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкенин жана кээде Каракол шаарындагы ишкерлер товар алуу үчүн Бишкекке жөнөткөн акчалар салынуучу жашыруун сейфтер бар экенин билишерин айтышкан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында уурдалган акчалар жабырлануучуларга кайтарылып берилген.

Милиция кызматкерлери үчүнчү шектүү тууралуу маалымат билгендер болсо 0703 93 76 56, 0556 89 89 66, 03922 5 45 50 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9546