"Азаттык" медиасынын жетекчиси алмашты
RU

"Азаттык" медиасынын жетекчиси алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азттык медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты. Аталган медиадан кабарлашкандай, Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Касмалиева бул кызматта 2017-жылдан тарта иштеген. Ал эми бир жыл бою Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы кеңсесинде ишин улантат.

Бакыт Асанов "Азаттыкта" 11-жылдан бери иштеп келет. Ал медиа уюмдун Бишкек кеңсесинде кабарчы болуп иштеген жана соңку кездери "Эксперттер талдайт" берүүсүнүн алып баруучусу.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9559