"Азаттыктын" журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө убактылуу токтотулду
RU

"Азаттыктын" журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө убактылуу токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" журналисттерин парламентте аккредиттөө убактылуу токтотту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим Маданият министрлигинин буйругу менен сайттын ишин убактылуу токтотууга байланыштуу кабыл алынган.

Бүгүн, 17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим долбоору каралып, ратификацияланышы мүмкүн. Бүгүнкү жыйынга президент Садыр Жапаров да катышат.

Белгилесек, Жогорку Кеңеште анын ишин туруктуу чагылдырган журналисттерди аккредиттөө бир сессиялык мөөнөт менен жүзөгө ашырылат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратына аккредиттелген журналисттер гана киргизилет.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

ЖМКларга болгон кысым (33 статьи)
ЖМКлар тууралуу жаңы мыйзамдын автору Мурат Укушев талкууга катышкан жок
31 Март 2023, 11:43
Шаардык сот "Азаттыктын" банк эсеби боюнча арызын канааттандырган жок
23 Март 2023, 15:00
Бардык сайттарды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү сунушталып жатат
23 Март 2023, 14:41
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9303