Чүйдө мамкызмактерлер бюджеттен 30 миллион сом чыгарып кеткенге шектелүүдө
RU

Чүйдө мамкызмактерлер бюджеттен 30 миллион сом чыгарып кеткенге шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда мамлекеттик кызматкерлер бюджеттен 30 миллион сом чыгарып кеткенге шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары 2019-жылы тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрүшкөн эмес. Алар жасалма келишимдерди түзүү менен подрядчы "С.Т." ишканасынын пайдасына 30 миллион сомдон ашык суммадагы каражатты республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарышкан. Иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9572