Жүргүнчү ташыган айдоочулардан пара талап кылып жүргөнгө шектелип мамкызматкер кармалды
RU

Жүргүнчү ташыган айдоочулардан пара талап кылып жүргөнгө шектелип мамкызматкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, кызматкер маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылып жүргөн.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж.кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.

Мындан тышкары М.К.Ж. дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган.

15-ноябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча М.К.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9305