Москвадагы автобустардан мигранттарды орус армиясына чакырган билдирүүлөр алынды
RU

Москвадагы автобустардан мигранттарды орус армиясына чакырган билдирүүлөр алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы автобустарда мигранттарды Россиянын армиясына чакырган билдирүүлөрдү жүгүртүү токтотулду. Бул туурасында РБК басылмасы "Мосгортранс" мамлекеттик ишканасына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалым болгондой, билдирүүлөр өзбек, кыргыз жана тажик тилдеринде Сахарово миграция борборунун жетекчилигинин өтүнүчү менен эки айлык мөөнөткө жайгаштырылган.

Буга чейин социалдык тармактарда Москвадагы автобустардын бириндеги сүрөт тараган. Анда өзбек тилинде "Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө келишим боюнча аскердик кызматка кошулса Россиянын жарандыгын оңой эле ала аласыз" деп айтылган билдирүү жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9574