Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып, түштүк аймакка тараткан канал аныкталды
RU

Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып, түштүк аймакка тараткан канал аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөн каналды аныктап, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул кылмыш ишине Салык кызматынын инспекторунун катыштыгы бар экенин коопсуздук комитеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандан күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусунда легалдаштырып, андан ары республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилди.

Учурда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча амалдар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9575