Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып алды
RU

Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы окуучу асынып алган абалда табылды. Маалыматты Kaktus.kg`ге обулстук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 9-декабрда Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда 2007-жылы туулган өспүрүм бала асынып алганы кабарланган.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Башкармалыктан Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 94-беренесине ылайык, окуянын жагдайлары жана кеңири маалымат берилбей турганын кошумчалашты.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9576