Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн ӨКМнын кызматкери тик учак менен Бишкекке жеткирилди
RU

Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн ӨКМнын кызматкери тик учак менен Бишкекке жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министлигинин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоевдин кан басымы жогорулап Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал бүгүн, 13-декабрда тик учак менен Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал арада ӨКМ менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү.

"Адиль Молдоев ӨКМнын училищасында окутуучу болуп иштейт. Ал эмгек өргүүгө чыгып, 11-декабрда Оштон Бишкекке келе жаткан. Жолдон анын абалы начарлап, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын кан басымы жогору болуп, жанында ӨКМнын кызматкерлери болушту. Дарыгерлер дагы тиешелүү жардамды көрсөтүп жатышты.

Бейтапты Бишкектеги ооруканага которууну министрлик уюштурбай койду деген билдирүүлөр тарап жатат. Тик учак дайым даяр. Биз бейтаптын жогорку кан басымынан чочуладык. Учурда кан басымы турукташа баштады, бейтапты Бишкекке жеткиришет", - деп белгиледи ӨКМнын өкүлү Алмаз Асанов.

Ал эми дарыгер Жамалбек Тургумбаев кызматкер инсульт алган болушу мүмкүн дейт. "Инсульт алганда адамды ордунан козгогонго болбойт. Бардык аракеттер дарыгердин көрсөтмөлөрү менен жасалышы керек".

Белгилесек, Адиль Молдоев 11-декабрда болжол менен саат 18:30 чамасында "Тез жардам" кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына түшкөн. Абалы оор экенин, аны Бишкекке которуу керектигин айткан коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент менен УКМКнын төрагасына кайрылып, тик учак берүү өтүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9592