Жалал-Абадда интернет блогер кармалды. Ал чиновниктен пара талап кылганга шектелүүдө
RU

Жалал-Абадда интернет блогер кармалды. Ал чиновниктен пара талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан интернет блогер кармалды. Ал опузалап акча талап кылганга шектелип жатканын коопсуздук комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Д.С.М. аттуу блогер интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.

12-декабрда блогер 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9600