Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды
RU

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Ырыс Жекшеналиев 2 айга СИЗОго камакка алынды. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов блогердин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Ырыс Жекшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" беренеси боюнча айып тагылды.

Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон. Андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7944