Депутат Өмүрбек Бакировдун мандатынын мыйзамдуулугу текшерилет
RU

Депутат Өмүрбек Бакировдун мандатынын мыйзамдуулугу текшерилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатынын мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына депутат өзү билдирди.

Анын айтымында, буга чейин экс-депутат Равшанбек Рысбаев сотко арыз менен кайрылган.

"Ал мага берилген мандатты кайра карап чыгууну талап кылган. Иш соттун үч инстанциясынан өтүп, мандатты мыйзамдуу алганым далилденди. 12-декабрда шаардык сот анын арызын кайра кароо чечимин чыгарган. Бул иш боюнча териштирүү болот", - деди депутат.

Бакиров белгилегендей, ушундай жол менен "ыңгайсыз депутаттарды"мандаттан ажыратууга болот.

"Мен бул чечим боюнча даттанууга ниеттенип жатам", - дейт Бакиров.

Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөндөн кийин үч күндүн ичинде шайлоо боюнча даттанууга болот. Кошумчалай кетсек, шайлоодон бир жылдан кийин чечим кабыл алынат деген практика дүйнөнүн бир да жеринде жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9596