Өлкө боюнча 500дөн ашык мектепке карантин киргизилди
RU

Өлкө боюнча 500дөн ашык мектепке карантин киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого байланыштуу өлкө боюнча 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул туурасында парламент жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

Министрдин орун басары сабактар онлайн өтүлөрүн белгиледи.

Карантинге жабылган мектептердин ичинен:

  • Чүй облусу - бардык мектептер;
  • Талас облусу - 111;
  • Ысык-Көл облусу - 3;
  • Жалал-Абад - 6;
  • Ош облусу - 10;
  • Бишкек шаары - 40.

Белгилендей, өлкө боюнча 2 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9611