Бишкектеги мектептерде карантин узартылды
RU

Бишкектеги мектептерде карантин узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоодон улам Бишкектеги мектептер 14-декабрдан баштап, ал эми өлкө боюнча бардык мектептер 16-декабрдан тарта карантинге жабылган.

Бүгүн, 23-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен Бишкектеги мектептерде карантин 28-декабрга чейин узартылганын кабарлашты.

Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгын маалымдагандыктан улам кабыл алынды.

Менчиктик таандыгына жана түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) окуу-тарбиялоо процесси облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Бишкек шаардык мэриясы калкты беткап тагынууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9597