Парламент Бишкектин мэрин кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет
RU

Парламент Бишкектин мэрин кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровго сунуш киргизет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында айтылды.

Аталган демилге депутат Элмурза Сатыбалдиев тарабынан көтөрүлдү. Тиешелүү токтомду 66 эл өкүлү колдоп, каршы эч ким чыккан жок.

Айрым эл өкүлдөрү белгилегендей, мэр борбор калаадагы түтүн, таштанды, башаламан имараттардын салынышы боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү чараларды көрбөй жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9628