ИИМ: "Финико" каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды
RU

ИИМ: "Финико" каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Финико" каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган Э.М. (аял киши) Интерпол тарабынан кармалды. Ал ири каржы пирамидаларынын бири "Финико" компаниясынын филиалын түзүүгө айыпталууда. Э.М. Бишкек шаарында 15тен ашык филиал ачкан (ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран Э.М. болгон).

Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1 283 000 доллар акчасынан кол жууган. Андан сырткары Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселеси каралууда.

Ички иштер министрлиги чоң кирешени убада кылган шектүү компанияларга ишенбөөгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9632