Каржы пирамидаларын жарнамалаган белгилүүлөргө катуу жаза берүү сунушталды. Кошуласызбы?
RU

Каржы пирамидаларын жарнамалаган белгилүүлөргө катуу жаза берүү сунушталды. Кошуласызбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жазалоону өзгөртүүнү сунуштоодо. Түзөтүүлөрдүн долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечинин айтымында, өлкөдө "элге таанылган коомдук ишмерлер" атак-даңкына, беделине таянып, каржы пирамидаларын жарнамалаган учурлар болуп жатат.

Анын аймагында бул жарнамалап жаткан белгилүүлөр, карапайым элди адаштырып, финансылык пирамидага чакырып жатат.

"Көпчүлүк жарандарыбыздын юридикалык жана экономикалык билими жок. Алар коомдук ишмерлерге ишенип, акчасынын баарын каржы пирамидаларына салып, банкрот болуп жатышат", - деп түшүндүрдү Ташиев.

Депутат келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы миллиарддаган сомду түзөрүн эске салды.

Эмнени сунуш кылды?

Депутат мындай уюмдардын жарнактарын 2 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин айып менен жазалоону сунуштоодо. Ал эми бул өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен байланышса же мыйзамсыз операциялар алдын ала макулдашуу боюнча компьютердик, маалыматтык, телекоммуникациялык тармактарды же электрондук төлөм системаларын пайдалануу менен жүргүзүлсө, анда 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө, мүлкүн конфискациялоо менен эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

"Бул сунуш кабыл алынса блогерлер, активисттер, ар кандай уюмдар жана башка коомдук ишмерлер айрым каржылык продуктыларды жарнамалоодо алда канча этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Мындан тышкары, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги да коркунучтуу болот", - деп түшүндүрдү Ташиев идеясын.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8853