Президент Кемпир-Абад боюнча камалгандар тууралуу: Аларды мен камаган жокмун
RU

Президент Кемпир-Абад боюнча камалгандар тууралуу: Аларды мен камаган жокмун

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров камактагы аялдардын энелери, тарапташтарынын кайрылуусуна мындан ары көңүл бурбай турганын айтты. Бул туурасында ал "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анда журналист "Камактагыларды айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз болобу?" деп сурады.

"Биринчиден, мага кайрылардан мурда ошол камалып калган жакындарына кайрылыш керек болчу. Эки жылдан бери ооздоруна "ак ит кирип, кара ит чыгып" жатат. Мен үндөбөдүм. Көңүл да бурбадым. Теңелбейин дедим. Же эки жыл ичинде менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм.

Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: "Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!" деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле.

Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. "Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел" деп план түздүргөн жокмун. "Элди портерлерге жүктөп келгиле" дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет.

Аларды мен камаган жокмун. Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп беришет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз. Мен кийлигишпеген үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам", - деп жооп берди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9640