Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы орнотулду
RU

Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ошондой эле бүгүн, 17-декабрда Улуттук музейинде актёрдун 75 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция өттү.

Марат Алышпаев көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.

Залкар актёр 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган.

Сахнада дүйнөлүк классикадагы Гамлет, король Лирден баштап, кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Киночулардын 20дан ашык тасмасында тартылган.

Андан тышкары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9642