Театрдын алпы Марат Алышпаев көзү өткөндөн кийин сыйлыкка ээ болду
RU

Театрдын алпы Марат Алышпаев көзү өткөндөн кийин сыйлыкка ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

75 жашында дүйнө салган Кыргыз Эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев эл аралык киносыйлыкка татыды. Режиссёр, сценарист Дастан Жапар билдиргендей, маркум актёр "Акыркы көч" тасмасындагы ролу үчүн сыйланды.

Россиянын Псков шаарында өткөн "Батыш дарбазалары" эл аралык фестивалында "Акыркы көч" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, баш каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарганы үчүн Марат Алышпаевге диплом ыйгарылды.

Эки сыйлыктын ээси болгоунбузга, өзгөчө Алышпаевге берилген сыйлык үчүн кубанычтабыз. Көзү өткөндөн кийин алып жатканы өкүнүчтүү. Эл артисти аткарган эмгектери үчүн көптөгөн сыйлыктарга татыктуу.

Белгилей кетсек, Марат Алышпаев ушул жылдын 4-апрелинде каза болгон. Ал тасмада 20дан ашуун роль жараткан. Театрдагы образдары 100гө чамалайт, анын көбү башкы ролдор болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7473