Кыргызстан кийинки жылы тез жардам унааларын алат
RU

Кыргызстан кийинки жылы тез жардам унааларын алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы Бишкекте жана аймактарда тез жардам унааларынын саны көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкектеги автобазаларда 74 тез жардам унаасы бар. Анын ичинен 30 унаа иштен чыга турган абалда.

"Чакырууларга 33 унаа жана 37 бригада чыгат. 5 унаа жол кырсыгына кабылган. Борбор калаада ооругандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча 5 тез жардам унаасын бөлүп бердик. Кийинки жылы Кыргызстан 93 тез жардам унаасын алат. Анын ичинен 8и Бишкек шаарына бөлүнөт. Талапка ылайык, бир унаа 5 жарым жыл кызмат кылышы керек. Биздеги тез жардам унаалары 10 жылдан ашык убакыттан бери линияда. Жаңыртуу керек", - деди ал.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9658