Жаңы жылдык фейерверк үчүн 755 миң сом бөлүнөт
RU

Жаңы жылдык фейерверк үчүн 755 миң сом бөлүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жыл майрамында түстүү фейерверк атылат. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

Мэрия 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдоодо. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө да түстүү фейерверк аттырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9669