Эң бийик балаты Ошто орнотулду. Аймактардагы жаңы жылдык балатылар
RU

Эң бийик балаты Ошто орнотулду. Аймактардагы жаңы жылдык балатылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы жылды тособуз. Майрамга карата аймактарда балатылар орнотулуп, оту жандырыла баштады.

Алсак 17-декабрда борборубуз Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту салтанаттуу жанды. Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 7 миң оюнчук илинген. Өлкөнүн башкы балатысындагы 7 миң оюнчук Кыргызстандын 7 миллион калкынын символу болуп саналат.

17-декабрда Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына коюлган балаты жандырылды. Балатынын бийиктиги 12 метр.

19-декабрда Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты жанды. Шаардын "Эркиндик" аянтына орнотулган балатынын бийиктиги 27 метрди түзөт.

20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жанды. Балатынын бийиктиги 29 метр.

Талас шаарындагы башкы балаты 15 метрди түзүп, 23-декабрда оту жанды.

Каракол шаарындагы жаңы жылдык балаты 22-декабрда жанды. Балатынын бийиктиги 22 метрди түзөт.

Балатынын отун жандыруу иш-чаралары концерттик программа менен коштолуп, тургундарга жагымдуу маанай тартууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9668