10 турак жай кооперативдин жетекчилери кармалды
RU

10 турак жай кооперативдин жетекчилери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 10 турак жай кооперативдин жетекчилери кармалды. Бул туурасында парламенттеги жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков айтты.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров милдеттерин аткарбай жаткан турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө карата мамлекет эмнеге чара көрбөй жатканына кызыкты. Ал "Ихсан" кооперативи сыяктуу ар кандай бирикмелер Кыргызстанда түзүлүп жатканын белгиледи.

"Адамдар ыйлап жатышат. Мамлекет аларды эмнеге жоопкерчиликке тартпай жүрөт?", - деди.

Юстиция министринин орун басары Сыдыков бүгүнкү күндө 10 кооперативдин жетекчиси кармалып, анын айрымдары үй камагына чыгарылса, айрымдары тергөө камак жайында экенин айтты. Ошондой эле аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9670