Асел Кадырбекова кооперативге алданганы боюнча: Жомокко ишенип, чоң суммадагы акча төккөм
RU

Асел Кадырбекова кооперативге алданганы боюнча: Жомокко ишенип, чоң суммадагы акча төккөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова жыл башында турак-жай кооперативдеринин бирине алданып калганын айткан. Бүгүнкү күндө ал маселе чечилбегенин Асел айымдын Kaktus.kgге берген маегинде маалым болду.

Айтымында, кооперативге чыгармачылыктагы таанышы аркылуу келген.

"Ал маселе дагы деле чечиле элек. Ушундай жомокторго көп ишенбөөгө чакырам. Себеби мен ушундай жомокко ишенип, кооперативдердин бирине чоң суммадагы акча берип койгом. Жыйынтыгында батирден жок же акчадан жок отурам. Азыркы тапта "мына чечилет" деген жоопторду угуп жатам. Элди ушундай нерселерден сак болууга чакырам. Чыгармачылыктагы эжем аябай жарнама кылгандан улам кооперативге кызыгып, сурагам. Ал эже "аябай укмуш" деген. Ошентип декабрда акчамды бердим, январда кооперативдин жетекчиси кармалды. Ошол бойдон жабылды", - деди ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9368