Адахан Мадумаров: "5 аялдан корккон бийлигиңе түкүрдүм" (видео)
RU

Адахан Мадумаров: "5 аялдан корккон бийлигиңе түкүрдүм" (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров коомдогу болуп жаткан көйгөйлөргө депутаттардын реакциясы болбой калды дейт. Айтымында, бүгүнкү күндө Контситуция, мыйзамдуулук тебеленди.

"Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жайга же нотариалдык конторага айланып калды. Бүгүнкү күндө биз мыйзамдуулукту тебелеп-тепсеген бейбаш үй-бүлөгө айландык. Ата-энеси таштап кеткен эле үй-бүлөдөйбүз. Мыйзам да иштебейт, Конституция да иштебейт", - деп нааразы болду.

Ошондой эле депутат камактагы 28 активист мыйзамсыз кармалып жатканын айтты.

"Эки кызыбыздын абалы начарлап, дарыгерлер текшерди. Алардын ден соолугуна катуу коркунуч келип жатат деп коңгуроо кагып жатышат. Бирок ушул жерде эч нерсе болбогондой тымпыйып, мыйзамдарды талкуулап, кабыл алып отуруу кайдыгерлик.

28 үй-бүлө сыздап отурат. Биз жылуу-жумшак отурабыз. Кайран Жогорку Кеңеш, кайран эл өкүлдөрү, алып аткан айлык, кайран гана көкүрөккө таккан төш белги...

Кыргыз бийлиги ошол камактагы беш аялдан ушунчалык калтырап-титиреп жаткан болсо бул бийлигиңе түкүрдүм. Сырттагы душмандан эмес арабыздагы 5 аялдан коркуп жаткан болсо бийлик биздин укугубузду коргой албайт.

Биз эмнени өзгөртө алабыз? Конституциялык мыйзамдардын одоно түрдө бузулганын комиссия түзүп, иликтемейинче Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин актабайт, жеп жаткан наныбыз адал болбойт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9681