Мектептерде сабактарды 3 тилде өтүү сунушталды
RU

Мектептерде сабактарды 3 тилде өтүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Миргүл Темирбаева билим берүү системасына кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутууну киргизүү сунушун айтты. Эл өкүлү предметтерди англис тилинде окутууну бүгүндөн баштоо керек дейт.

"Англис тили - илим, билим, технологиянын тили. Албетте, реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек. Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили - дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили", - деп белгиледи депутат.

Депутат англис тилинде сабактарды окутуу эффективдүү болорун белгилеп, ЖОЖдорго пилоттук негизде киргизүүнү, өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн бул өтө маанилүү экенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9683