Орозайым Нарматованын ачкачылыктан кийинки сүрөтү көпчүлүктү жалоорутту
RU

Орозайым Нарматованын ачкачылыктан кийинки сүрөтү көпчүлүктү жалоорутту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматованын саламаттыгы начар болгонуна байланыштуу ИИМдин тергөө башкармалыгына бара алган эмес. Мындай билдирүү Нарматованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

Анда 22-декабрда саат 14-15:00 аралыгында Орозайымды тергөөгө алып кетүү үчүн кызматкерлер келгени айтылат.

"Орозайымдын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери носилкага жаткырып, камерадан короого алып чыгышкан. Бирок абалын көрүп алып кеткен эмес. Аны менен жактоочусу да жолуга албай келиптир", - деп айтылат билдирүүдө.

Нарматованын ачкачылык кармаганга чейинки сүрөтү.

Ачкачылык кармагандан кийинки сүрөтү. Окурмандардын көбү Орозайым Нарматовага күч-кубат тилеп, колдоо сөздөрүн айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9691