Жоолугу моюнуна оролуп... Сузакта төркүнүнө кеткен келиндин жансыз денеси табылды
RU

Жоолугу моюнуна оролуп... Сузакта төркүнүнө кеткен келиндин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда төркүнүнө кеткен келиндин жансыз денеси камыштын арасынан табылды. Анын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы жаран колго түшүрүлгөнүн облустук ички штер башкармалыгынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, Сузак РИИБине 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал 23-декабрда болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы "төркүнүмө барып келем" деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

25-декабрда саат 12:00 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суудан дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, келиндин моюнуна жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмгө абанын жетишсиздиги себеп болгону аныкталган.

Аталган факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1999-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9726