Орозайым Нарматова сот залында эс-учун жоготту. Видео
RU

Орозайым Нарматова сот залында эс-учун жоготту. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Орозайым Нарматова сот залында эс-учун жоготуп жыгылды.

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралып жаткан.

Анда сотко жеткирилген Нарматова өзүн начар сезип, эс-учун жоготту. Ага "Тез жардам" кызматы чакыртылды. Ал эми соттук процесс эртең, 28-декабрга жылдырылды.

Белгилей кетсек, Орозайым Нарматова 14-декабрда ачкачылык жарыялаган. Кийин анын саламаттыгы начарлаган, ошого карабастан ал ачкачылык кармоону улантарын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9735