Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
RU

Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралды.

Анда шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Тагыраагы, Орозайым Нарматова 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта болот.

Белгилесек, 27-декабрда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралып жатканда Нарматова эс-учун жоготуп жыгылган. Ага "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9748